Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

НАТО: Украинанын чыгыш чегинде орус аскерлери көбөйүүдө


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Украинанын чыгыш чек арасында орусиялык аскер күчтөрү көбөйүп жатканын билдирет. Баш катчынын айтканына караганда, дагы бир нече миң орус аскерлер чек арага жакын жылып келди. Расмуссен бүгүн Лондондогу Падышалык эл аралык мамилелер институтунда сүйлөгөндө бул абалды жөндөөдөгү “артка кадам” деп өкүнгөнүн Рейтер агенттиги кабарлайт. Баш катчынын сөзүнө караганда, Орусия Украинага аскерий кийлигишүүсүн улантышы мүмкүн. Эгер Орусия андай саясатын уланта берсе эл аралык коомчулук бир ооздон ишенимдүү жооп бериши керек деп белгилейт Түндүк альянстын баш катчысы.

Орусия 2008-жылдан бери аскерий коргоонууга кеткен чыгымдарын 50% көбөйтсө, НАТОнун мүчө өлкөлөрү 20% азайткан.

XS
SM
MD
LG