Анда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына даярдык көрүү жана келерки жылга бюджет долбоору каралат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылга бюджеттин кирешеси 100 млрд. 757 млн. сом, чыгашасы 118 млрд. 259 млн. сом деп болжолдонгон. Тартыштык 17 млрд. 500 млн. сом деп эсептелүүдө. (AiT)