Француз лидери Франсуа Олланд жана немис канцлери Ангела Меркел президент Владимир Путинди газ маселеси боюнча Украина менен сүйлөшүүнү улантууга үндөгөн. Телефон аркылуу 19-июнда болгон сүйлөшүүдө батыш лидерлери Украина чыгышында кагылышууларды токтотуу, кырдаалды жөнгөрүү керектигин белгилешкен.
Кремлдин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, лидерлер Украина менен газ боюнча сүйлөшүүнүн үзгүлтүккө учурашынын Европанын энергетикалык коопсуздугуна тийгизе турган таасирин талкуулашкан. Киев менен Москванын газ боюнча сүйлөшүүсү жуманын башында үзгүлтүккө учураган. (AiT)