Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Оторбаев Келдибековдун Алайдан келген тарапкерлерин кабыл алды


Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушууга катышкан Акматбек Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчы түзүлгөн кырдаалдан биргелешип чыгууну сунуштап, Келдибековдун денсоолугу боюнча медициналык экспертизаны дыкат текшерип чыгуу керектигин билдирген.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрь айында камакка алынган. Абак учурунда ал бутуна үч жолу операция жасалып, чет өлкөдө дарыланууга муктаж экени айтылууда. Ал эми Келдибековдун тарапкерлери 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун буушуп, аны үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышат. Жол тоскондордун делегациясын 19-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы да кабыл алды. (AiT)

XS
SM
MD
LG