Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү дүйшөмбү күнү Бишкекте улантылат

Кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун Баткенден маалымдоосуна караганда, 19-июнда Баткенде башталган сүйлөшүүдө тажик тарап чечим кабыл алууга убакыт сурап, Душанбеге жөнөп кетти. Баткенде кыргыз-тажик делегациясы чектеш аймактардан өтүүчү жолдорду курууну сүйлөшкөн. Тажик тарап Ворух анклавын негизги аймагы менен байланыштыра турган жолдун курулушу боюнча 4 варианттын бирин тандоо үчүн убакыт сураган. Кыргыз тарап Көк-Таш- Аксай-Тамдык жолун курууну улантууну көздөөдө. Вице-премьер-министрлер деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү Бишкекте улантылат. (AiT)
XS
SM
MD
LG