Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсүндө бир пикир табыла элек


Баткенде өтүп жаткан кыргыз-тажик чек ара талкуусу уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, күн тартибине коюлган маселелер боюнча орток пикир азырынча табыла элек.

Сүйлөшүү кечээ башталган. Ага эки өлкөнүн вице-премьерлери Абдырахман Маматалиев менен Муродали Алимардон баштаган өкмөттүк комиссиялар катышууда. Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш айланма жолунун курулушун улантуу, эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо жана 7-майдагы кыргыз жана тажик жарандары ортосундагы жаңжал боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланууда.

7-май күнү Баткендеги чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Окуядан 17 кыргыз жараны, 8 тажик жараны жараат алып, кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Келтирилген чыгымды тажик тарап төлөп берүүгө макул болгонун Кыргызстандын күч органдары билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG