Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Аксыда 20 жыл бүтпөй келаткан Иринжит каналы ишке берилди


Бүгүн Жалал-Абаддын Аксы районунда Иринжит суу каналын ишке берүү аземи өттү. Ага президент Алмазбек Атамбаев барып катышты.

Узундугу жети чакырымдан ашуун каналдын курулушу менен райондун мурда суу жетпеген Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн бир нече гектар аянты эгин суусу менен камсыздаларын өкмөт билдирүүдө.

Иринжит каналын куруу мурунку президент Аскар Акаевдин доорунан бери көтөрүлүп келаткан маселе. Ал быйыл гана бүтүп, пайдаланууга берилди.

Бүгүнкү иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Алмазбек Атамбаев өлкөнүн экономикасында жакшы жылыш бар экенин, ага ири суу каналдын ачылып жатышы да далил экенин айтты. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG