Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Жогорку Сотко Келдибековду бошотуу өтүнүчү айтылды


Бүгүн Жогорку Сот төрайымы Феруза Жамашева Келдибековдун Алайдан келген тарапкерлер тобун кабыл алды. Алар депутатты үй камагына чыгарууну өтүндү. Бирок Жамашева Келдибековго карата козголгон кылмыш иш тергөөдө болгондуктан сотко өтө электигин айтты. Маселе мыйзам чегинде гана караларын билдиргенин "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева айтты.

Коррупция үчүн тергөө абагына камалган оппозиционер депутаттын таламын талашкандар Алайда 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там унаа жолун бууп турат. Алардын алты өкүлүн кечээ парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков, андан кийин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кабыл алып, соттун ишине кийлигише албасын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG