Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Кызын зордуктоого шектелгендин соту кайра уланмай болду


Үч жашар кызын зордуктап, ден соолугуна оор залака тийгизген деген айып менен соттолуп жаткан Үсөн Сакатаевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 25-июнда кайра уланмай болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

5-июнда сот болуп жатканда Сакатаев устара менен моюнун тилүүгө аракет кылган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алган жарааты өмүрүнө коркунуч жаратпасы аныкталып, ал ооруканадан кайра №1 тергөө абагына камалган.

Сакатаев былтыр 25-апрелде Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушунда мас абалында өзүнүн 3 жаштагы кызын сабап, зордуктаган деген шек менен кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG