Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Дүйнөдө качкындардын саны 50 миллиондон ашты


Ар кандай уруш, жаңжалдардан качып коопсуз жерлерде баш калкалоого мажбур болгон адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашты. Мындай маалыматты БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты Качкындардын эл аралык күнүн утурлай жарыялады.

Уюмдун отчетуна ылайык, 2013-жылы өлкө ичинде жер которууга же чет жактарга качууга аргасыз болгон адамдардын саны ага чейинки жылга салыштырганда 6 миллионго көбөйүп, 51,2 миллионго жетти. Сириядагы жарандык согуштун айынан эле 9 миллиондой карапайым киши үйүн таштап качкан. Качкындардын 86 процентин өнүгүп келаткан өлкөлөр кабыл алган.

Ал тапта Эмнести Интернешнл эл аралык уюму тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздай албай жатат деп БУУну сындады.

XS
SM
MD
LG