Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Косоволук сербдер Митровицадагы көпүрөнү кайрадан тороду


Косоволук сербдер Митровица шаарындагы көпүрөнү кайрадан торошту. Косовонун премьер-министри Хашим Тачи мындай аракетти айыптап, “эртедир-кечтир күнөөлүүлөр сот жообуна тартыларына" ишендирди. Жергиликтүү сербдерге кайрылып премьер акыл-эстүүлүк көргөзүп, тосмолорду алып салууга үндөдү.

Сөз болгон көпүрө шаардын этникалык сербдер жана албандар жашаган райондорун бөлүп турат.
Белград жана түндүк Косоводогу сербдер калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косовонун 2008-жылы Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялашын тааныбай келатат.

Митровицадагы сербдер 2011-жылы көпүрөнүн айланасына бетон тосмо орнотуп, алар 18-июнда Евробиримдиктин ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында алынып салынган.

XS
SM
MD
LG