Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Таластагы чуулгандуу ишти териштирүү кийинки айга калды


Бүгүнкүгө пландалган Таласта күйөөсү менен ажырашкан келинди зордуктаган деп айыпталып жаткан үч сот аткаруучунун үстүнөн сот иши болбой калды. Ага соттолуучулардын биринин адвокаты катышпаганы себеп болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады. Анын айтымында, соттун кийинки отуруму 7-июлда өтөт.

31 жаштагы Калия Арабекова аны алимент алып келдик деген шылтоо менен былтыр 30-декабрда үйүнөн башка жакка алып кетип зордукташканын айтып сотко кайрылган. Айып Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучуларына тагылган.

10-июнда алардын жакындары маалымат жыйын өткөрүп, бул окуя боюнча маалымат бир жактуу таратылып жатканын айтып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG