Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Өкмөт жаңы түндүк-түштүк жолун курууга Кувейттен жардам сурады


Кыргыз өкмөтү өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жаңы унаа жолду курууга Кувейттен жардам сурады. Учурда бул өтүнүчтү Кувейт жетекчилиги караштырып жатканын элчи Жусупбек Шарипов менен жолугууда Араб экономикалык өнүгүүсү боюнча Кувейт фондунун өкүлү Юсуф ал-Бадр билдирди. Фонд өкүлү быйыл күзүндө кыргыз тараптын демилеси менен өтүүчү Араб фонддорунун экинчи жыйынына Кувейт да катышарын айтты.

Жалпы узундугу 433 чакырым жол үч этап менен курулуп, 2017-жылы пайдаланууга берилет. Жалал-Абаддагы алгачкы 154 чакырымын курууга Кытай 400 миллион доллар берген. (RK)

XS
SM
MD
LG