Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Алайда жер көчкү унаа жолду басып калды


Оштун Алай районундагы Талдык ашуусунда нөшөр жаандан улам жер көчкү түшүп, унаа жолду басып калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жолдо өтө албай турган жарандар кабарлашты.

- Сопу-Коргондо Келдибековдун тарапкерлери бууп турган жерден эптеп өтүп келсек эми минтип кайра токтоп калдык, - деди бир жаран.

Ал эми өзүн Алмаз Умаров деп тааныштырган киши ашууда катуу, айрым жерде кар аралаш жаан жаап жатканын айтты. Анын эсебинде кар көчкүнүн эки башында топтолуп калган машиналардын саны 30га чукулдап калды. (RK)

XS
SM
MD
LG