Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Кыргыз-тажик чек арасына кошумча жол куруу сунушталды


Кыргыз тарап Баткендеги кыргыз-тажик чек арасынын чыр чыгуу коркунучу жогору участогуна кошумча жол курууну сунуштоодо. Тажик тарапка ушундай сунуш айтылганын бүгүн "Азаттыкка" өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, кеп Ак-Сай айылынын кире беришиндеги 500 метрлик аралык тууралуу болуп жатат:

- Ошол жерде эки мамлекеттин жарандары бири-бирине катышпастан өтө турган параллел жол курууга туура келүүдө. Тажиктер тайм-аут алып, бул сунушубузду өзүнчө талкуулаганы кетти. Силердин Ворух анклавыңарга биз эч качан коридор бербейбиз, бул чек ара такталганча силерге убактылуу пайдаланууга бериле турган гана биздин жол болот деп айттык.

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү 25-июнда Бишкекте вице-премьер-министрлер деңгээлинде кайра уланат.

Чек ара чатактарынан улам Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш айланма жолунун курулушу токтоп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG