Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Ооганстанда губернаторго кол салуу болду


Бүгүн Ооганстандын Пактиа чөлкөмүнүн губернатору Йома Хан Хамрад жана аны коштоп бараткан адамдардын машинелерине полициянын униформасын кийген кишилер кол салышты. Натыйжада Хамраддын 3 жансакчысы мерт кеттти, дагы үч киши жараланды. Окуя кербен Мазари-Шариф шаарынан Кабулга бараткан учурда болгон. Губернатор өзү жабыркаган жок.

Өлкөнүн чыгышында болсо талип согушкерлеринин аткылоосунан бир бала каза болуп, бешөө жараат алды. Нангархардын губернатору алардын бардыгы алыскы айылда жашаган бир үй-бүлөнүн балдары экенин билдирди.

Ал окуя үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

XS
SM
MD
LG