Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Ымыркай саткан догдур 15 жылга кесилди


Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн №4 төрөт үйүнүн мурдагы догдуру менен медайымын 15 жылдан эркинен ажыратты. Алар ымыркайды сатып жибергени үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал эми баланы сатып алган келин мыйзам бузганы үчүн мамлекетке 260 миң сом айыппул төлөмөй болду. Ымыркайдын энесине моралдык залака келтиргени үчүн үчөө биригип ага 390 миң сом төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттон кабарлашты.

Былтыр күзүндө төрөттөн кыйналган келин ооруканага которулуп, ымыркай кызы төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө калган. Бир нече күндөн кийин бала жоголуп, Асанбай кичи районундагы батирлердин биринен табылган. Милиция догдурлар аны боюнан түшүп, ошол төрөт үйүндө дарыланып жаткан келинге "энеси таштап кеткен кыз" деп сатып жибергенин аныктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG