Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү 19-21-июнда Нью-Йоркто өтүп жаткан International Franchise Expo 2014 эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖИАнын аткаруучу директору Руслан Акматбек кабарлады.
- Бул көргөзмөгө дүйнөнүн бардык тарабынан өлкөлөр катышат экен. Биздин ишкерлер “Америкадан Кыргызстанга эмне алып келе алабыз? Ишкер - өнөктөштөрдү таба алабызбы? Эки өлкө ортосунда кандай бизнес алакаларды түзө алабыз?” деген максат менен көргөзмөгө аттанышты. Негизинен америкалык белгилүү маркаларды Кыргызстанга алып келүүгө басым жасайбыз, - деди Руслан Акматбек.
Көргөзмө АКШнын Соода министрлиги тарабынан өткөрүлүп жатат. 500дөн ашуун эл аралык компаниялардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат ортого коюлган. Иш-чарага дүйнөнүн чар тарабынан 10 000ге чамалуу ишкерлер катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандан ЖИАнын атынан 5 ишкер катышып жатат. (МТо)