Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Маликов: Быйыл туристтер көп болот деп жатабыз

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Маликовдун “Азаттыкка” билдиришинче, былтыр Ысык-Көлдө чыккан чыр-чатак, Саруу айылындагы окуялардан улам туристтер аз келген. Быйыл жергиликтүү бийлик элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

- Былтыр мамлекетке 162 млн. сом салык төгүлгөн. Быйыл буюрса андан көп болот деген пландар бар. Бүгүн эле Ысык-Көл районунда 3 миң киши катышкан “Ынтымак” курултайы өттү. Элди ынтымакка келтирели, туристтик сезонду жакшы өткөрөлү деген жакшы сөздөр айтылды. Коопсуздукту, жол коопсуздугун сактаганга мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү, - деди Маликов.

Ынтымак курултайы эмки айда Түп районунда өтмөй болду. Ага облустук, шаардык жана жергиликтүү масштабдагы жетекчилик катышып, элдин ой-пикирин угуп турмай болууда. (МТо)
​
XS
SM
MD
LG