Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Казакстанга курал алып бараткан жаран кармалды

Бүгүн, 21-июнда Кыргызстан менен Казакстандын чегиндеги “Акжол-автожол” бекетинен куралчан адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандын унаасынан “Наган-С” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Ал тапанчаны уруксатсыз Казакстанга алып чыгып бараткан.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган адам УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнө өткөрүлүп, куралы тартылып алынган. (МТо)
XS
SM
MD
LG