Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Заманбап спорт түрлөрү боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө


Бүгүн, 21-июнда Бишкекте спорттун азыркы заманбап беш түрү боюнча Борбор Азия кубогуна арналган мелдеш улантылып жатат. Мында Борбор Азия өлкөлөрүнөн сырткары Индия жана Түштүк Африка мамлекеттеринен спортчулар мөөрөй талашууда.

Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы устат, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Виктор Мальцев маалымдады.

Сууда сүзүү боюнча кыз-келиндер арасында кыргызстандык Валерия Уварова, эркектер арасында казакстандык Владислав Сухарев биринчиликти алышты.
Фехтования боюнча мөөрөй талашуу уланууда.

Мелдеш 22-июнда да уланат. Борбордук стадиондо жеңил атлетикалык жарыштар, биатлон, мылтык атуу мелдештери болот. Ат спорт мектебинде аргымактарды тоскоолдуктардан секиртүү боюнча атаандашуулар улантылат. (КМа)

XS
SM
MD
LG