Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Кокондук жумушчулар ири өлчөмдө алтын таап алышты


Өзбекстандын Кокон шаарында жумушчулар канализация үчүн чуңкур казып жатышып 13,5 кг салмактагы, кыш калыбындагы уютулган алтын таап алышкан.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, алтын куйма болжолу өткөн кылымдын баш ченинде жасалышы мүмкүн.

Казуу иштерин жүргүзүп жаткан уюмдун өкүлүнүн айтымында, “Хамза” атындагы кинотеатрынан анча алыс эмес жерде 5 адам иштеп жаткан.

“Жумушчулардын бири Кобил чуңкурга түшүп баратып жалтыраган металлды капыстан көрүп калат. Анын бетинде жазуулар болгон. Табылганы милиция бөлүмүнө алып барышып алтын экенин аныкташкан. Андагылар аны өзүнө алып калып, канча бир пайызын сыйлык катары берүүнү убада кылышкан” , - дейт “Азаттыкка”.

Кокон тургундарынын биринин айтымында, “Хамза” театрынын айланасы шаардагы эң эски аймак деп саналат. Ал ошондой эле уютулган алтындын баасын 750-800 АКШ долларына барабар деп болжолдогон.

Өзбек мыйзамдарына ылайык, тарыхый баалуулуктарды таап, мамлекетке тапшырган адамга ошол табылган буюмдун баасынын 25 пайызы ыйгарылат. Азырынча кокондук жумушчулар канча алышары белгисиз.

XS
SM
MD
LG