Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

“Мусулман агайындар” тарапкерлери өлүм жазасына тартылды


Ишембиде Египет соту “Мусулман агайындар” уюмунун 183 тарапкерин 2013-жылдагы полиция бөлүмүнө жасаган чабуулу боюнча күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Алардын арасында Египетте тыюу салынган “Мусулман агайындардын” диний лидери Мухаммед Бадие да бар.

Жогорудагы иш боюнча ушул жылдын апрель айында өлүм жазасына 683 исламчы тартылган эле. Бирок, 21-июнда сот 496сын кайра актаган жана төртөөнүн өлүм жазасын өмүр бою камакта калуу өкүмүнө алмаштырган. Алардын көбү сырттан соттолду.

2013-жылы август айында Адуа шаарындагы полиция бөлүмүнө болгон чабуулдан бир полициячы жана бир жаран каза болгон.

Жергиликтүү жарандык активисттер жана Эл аралык коомчулук Египеттеги массалык сот процесстерин сындап келет. (SA)

XS
SM
MD
LG