Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Украин чек ара тозоттору жикчилдердин аткылоосуна кабылды


Украин чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Донецк облусундагы эки чек ара бекети орусиячыл жикчилдердин аткылоосунун астында калган.

Чабуул украин президенти Петро Порошенконун шаршемби күнү бийликчил аскерлер тарабынан ок атууну токтотуу боюнча атайын буйругуна карабай ишке ашкан. Анда Порошенко бир тараптуу болсо да, ок атууларды токтотуу өлкө чыгышындагы кырдаалды жөндөө планынын биринчи этабы деп белгилеген болчу.

Орусиячыл жикчилдердин талаа командирлери Порошенконун тынчтык планын “бул илбериңки сунуш эмей эле, ультиматум экени айдан ачык” деп комментарийлеген болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG