Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Вице-премьер- министр менен кошо Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баратат. Алар жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө тургандыгы кабарланууда.
Буга чейин 20-июнда депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлерин премьер-министр Жоомарт Оторбаев кабыл алып, түзүлгөн кырдаалдан биргелешип чыгууну сунуштап, Келдибековдун ден соолугу боюнча медициналык экспертизаны дыкат текшерип чыгуу керектигин билдирген.
Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупцияга байланыштуу айыпталып, өткөн жылы ноябрь айында камакка алынган. Абак учурунда ал бутуна үч жолу операция жасалып, чет өлкөдө дарыланууга муктаж экени айтылууда. Ал эми Келдибековдун тарапкерлери 27-майдан бери Ош – Эркеч-Там жолун буушуп, аны үй камагына чыгаруу талабын коюп жатышат. (AzK)