Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Социологдор британиялыктарды чет тилдерди жакшы билбейт деп эсептешет


CBI британиялык ишкерлер бирикмесинин көрсөтмөсүнүн негизинде даярдалган иликтөөдө Британиянын билим берүү системасы даярдап чыгарган чет тилдерди билген адамдар өлкөгө жетишсиз болуп саналары аныкталды. Британиялык компаниялар мурдагыдай эле французча, немисче, испанча сүйлөгөндөргө муктаж. Бирок соңку учурларда араб жана кытай тилинин дагы мааниси артып жатканын иликтөө көрсөтүүдө.

Жумуш берүүчүлөр орус, поляк, жапон тилдерин билген кызматкерлерге дагы артыкчылык берип келишет.

Ошол эле учурда Британ кеңешинин маалыматында ар бир бешинчи британ мектебинде чет тилди окуган окуучулардын саны туруктуу өсүп бара жаткандыгы белгиленет.

Британиянын өкмөтү тил үйрөтүүнү өнүктүрүү боюнча программа кабыл алып, 1-сентябрдан баштап, бардык мектептерде чет тил предметин мурдагыдай 11 жаштан эмес, 7 жаштан баштап киргизгени жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG