Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Рахат Алиевдин иши боюнча сот отуруму бир айдан кийин болот


Вена шаарында 20-июнь күнү сот Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин иши боюнча ушундай чечим кабыл алганын австриялык Heute.at. маалымат сайты жазып чыкты. Казак президентинин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, Казакстандын Австриядагы экс-элчиси Рахат Алиев июнь айынын башында кармалып, адамдарды уурдоого жана өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталууда. Алиевдин адвокаты анын өз каалоосу менен кармалганын жана укук коргоо органдары менен кызматташуу ниети бар экендигин билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG