Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Бишкекте адам укуктары боюнча форум өтөт


Адам укуктары боюнча кеңештин жетекчиси Гүлжамал Султаналиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, кеңеш жыл сайын өлкөдөгү адам укуктарынын абалы туурасында эксперттердин жардамы менен аналитикалык материал даярдайт. Эртеңки форумда бир ай мурда бийлик бутактарына таратылып берилген бул материал боюнча катышуучулар пикирлерин айтышат.

Султаналиеванын айтымында форумдун максаты – өкмөт менен жарандык коомдун ортосунда адам укуктары боюнча баарлашуу аянтын уюштуруу болуп саналат. Форумдан соң анын жыйынтыктары парламент комитетинде каралат.
23-июнда боло турган форум Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети менен биргеликте уюштурулуп жатат. Ага президенттин, өкмөттүн аппарат өкүлдөрү, элчилик-консулдуктардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Бул иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG