Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Луганскта жикчилдер украин чек арачыларына кол салды


Украинанын чек ара кызматынын кабарлашынча, 21-июндан 22-июнга караган түнү Лугансктын эл жашаган эки пункту миномет менен аткыланган. Украин армиясынын аскер бөлүмдөрү ага жооп катары ок чыгарышкан. Атышуу учурунда бир чек арачы жараат алды.

Донецк областынын Артемовск шаарында өткөн түнү А2730 аскер бөлүмүнө сокку урулган. Шаардык сайттардын маалыматында, турак-жай үйлөрдөн снайперлер атышкан. Аскер кызматкерлери аларга жооп берген эмес. Азырынча окуядан жабыркагандар туурасында маалымат жок. Донецк шаарынын өзүндө түн тынч өттү. Көчөлөрдү Украинанын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана ыктыярчылар кайтарып, көзөмөлдөп жатышат.

Краматорск жана Славянскта түнү атышуулар, жардыруулар жана оор техниканын үндөрү угулуп турду.

Петро Порошенко 20-июнда Донецк жана Луганск областтарында атышууну бир аптага токтотууну жарыялаган. Бул убакыт аралыгында бийлик күткөндөй жикчилдер куралын таштап же өлкөдөн чыгып кетиши керек.(AzK)

XS
SM
MD
LG