Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:21

Алай: жол ачылды, бирок эл тарабайт


Бул туурасында “Азаттыкка” депутат Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин башчысы Керим Сарыбашев билдирди.

Анын билдиришинче, жолдун ачылуусуна – Акматбек Келдибековдун элге “кан төгүлүп кетпесин, жолду ачкыла” деген кайрылуусу, депутат Исмаил Исаковдун өтүнүчү жана рамазан айынын келип калгандыгы себеп болду. Жол тоскондор жолду ачканы менен боз үйлөрдү сайга түшүрүп, ал жерден тарап кетпей тынчтык акциясын уланта берип, сот чечимин акыр-аягына чейин күтө турган болуп жатышат.

Бүгүн Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдрахман Маматалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Алайда жол тоскондор менен сүйлөшүп, жолду ачуу чечимине келишкен. (AzK)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG