Батыш Африкада башталган Эбола вирусунан 300дөй киши каза тапты. Гвинея өлкөсү бул вирустук оорудан көп жабыркап, 264 атуулунан айрылды. Сиерра-Лиондо 49, Либерияда 24 киши көз жумду деп кабарлайт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Азыркы тапта бул вирусту өлтүрө турган вакцина табыла элек. Аталган уюм Гвинея, Сиерра-Леон жана Либерияга саякаттабай турууну сунуш кылууда. (BCh)