Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Кыргыз авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси каралат


Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун (ИКАО) инспекторлору Кыргызстанга август айында келишет. Борбор Азиянын авиация порталы кабарлагандай, алар өлкөнүн жарандык авиация тармагынын учурдагы абалын текшерип, кыргыз авиакомпанияларын "кара тизмеден" чыгаруу боюнча көрүлгөн аракеттер менен таанышат.

Кыргыз авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европанын "кара тизмесинде". Учурунда Кыргызстанда катталып, Африка, Түштүк Америка жана Азияда кырсыкка учураган учактар "кара тизмеге" кирүүгө себепкер болгон. Ага чейин Кыргызстандан учактар Амстердам, Бирмингем, Гамбург, Ганновер, Лондон, Мүнхен, Франкфурт жана Штуттгарт шаарларына каттап турган.

Эл аралык жарандык авиация инспекторлорунун келишин утурлай, Жогорку Кеңеш өлкөнүн Аба кодексине учуулардын коопсуздугун жакшыртуу, жыштыктарды жигердүү пайдалануу жана аэропорттордо техникалык тейлөө боюнча иш-чараларды туруктуу өткөрүп туруу өңдүү өзгөртүү-толуктоолорду кабыл алды. (BAz)

XS
SM
MD
LG