Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Чүйдөгү байыркы шаар калдыктары ЮНЕСКОнун тизмесине кирди


ЮНЕСКОнун өкмөт аралык комитетинин 38-сессиясында Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаар калдыктары дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Жыйын 22-июнь күнү Катар мамлекетинин Доха шаарында болду.

Тарыхый-маданий булактар - Чүй өрөөнүндөгү орто кылымга таандык Навакет - азыркы Красная речка, Суяб - азыркы Ак-Бешим жана Баласагын-Бурана шаарчаларынын калдыктары болуп саналат. Бул тууралуу сессияга катышкан кыргыз делегациясынын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков билдирди.

Буга чейин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине “Манас” эпосу жана Ош шаарындагы Сулайман-Тоо да киргизилген. (SE)

XS
SM
MD
LG