Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Нарын: Абактагы эки адам ачкачылыгын улантууда


Нарын абагындагы эки адам ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Нарын облусундагы өкүлү Эркин Асаналиев кабарлады. Анын айтымында, айыпталуучулар Эсенгул Карагулов менен Эраш Кумарбеков суу гана ичип, түрмөнүн тамагынан баш тартууда.

Ачкачылык кармап жаткандар быйыл 20-февралда Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп шектелип камалгандар. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы болуп, иш кайра башынан тергелишин талап кылып жатат. Ачкачылык акциясы 15-июнда башталган.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге карата кылмыш иши козголгон.

20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Бул чыр боюнча 10 адам камакка алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG