Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, 2,5 миллион сом салык төлөбөгөнү үчүн айыпталган жаранга эл аралык издөө жарыяланган. Быйыл март айында аны Орусиядан кармашкан. Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы кызматтын Ысык-Көл жана Нарын боюнча өкүлчүлүгүнүн жасалма катынын негизинде ал жаран кайра кое берилип, азыр дайыны табылбай жатат. Учурда УКМК аталган мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоп, тергей баштады. (RK)