Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:55

Чет өлкөдө мүлкү бар аткаминерлер боюнча коомдук талкуу өтүүдө


Мамлекеттик жогорку кызматкерлерге, алардын жакындарына чет өлкөдө банкта акча эсебин ачууга жана кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоор боюнча коомдук талкуу өтүп жатат. Демилгечи депутат Исмаил Исаковдун айтымында, ал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Мындан сырткары чиновниктердин башка өлкөлөрдөн көз каранды болуусуна бөгөт коёт.

Мыйзам долбоорго ылайык, саясий жана атайын мамлекеттик кызматты ээлеген адамдарга чет өлкөдөн акча эсебин ачууга, акча каражаттарын сактоого, баалуу кагаз, облигацияга ээ болууга тыюу салынат. Муну менен катар чет мамлекетте кыймылсыз мүлккө ээ болууга да уруксат берилбейт. Мындай талап мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен депутаттарга, алардын жубайы жана 16га чыга элек балдарына да тиешелүү.

Коомдук талкуу жүрүшүндө Исаков мыйзам долбоорго чет өлкөдө мүлкү бар айрым депутаттар, жетекчилер каршы чыгып жатканын билдирди. (BkA)

XS
SM
MD
LG