Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

АКШ Мамлекеттик катчысы Ирак лидерлери менен жолугушууда


АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Багдадда Ирак лидерлери менен жолугушуп жатат. Дээрлик эки жумадан бери “Ирак жана Левант ислам мамлекети” деген кыймылдын согушкерлери өлкөнүн батыш жана түндүк аймактарында улам бир шаарга чабуул коюп, бир нечесин өз көзөмөлүнө алышты.

Керри Ирак жетекчилерин коомдун бардык өкүлдөрүн камтыган өкмөт курууга үндөйт деп күтүлүүдө. Бирок Вашингтондогу расмий адамдардын айтымында, ал премьер Нури ал-Маликини кызматтан кетүүгө чакырбайт.

Кечээ Каирдеги визити учурунда Мамкатчы АКШ бардык ирактыктардын өкүлдөрү кирген өкмөт курулат деп ишенээрин, аны Ирак эли гана тандаарын белгилеген. Апрель айындагы парламенттик шайлоодо шиийлердин саясий партиялары жеңген жана азыркы өкмөт башчы Нури ал-Малики 3-жолу премьер-министр кызматын аркалашы мүмкүн. Суни азчылыгы болсо аны кодулоо жана куугунтуктоолор үчүн айыптоодо.

XS
SM
MD
LG