Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Египетте "ал-Жазиранын" үч журналисти соттолду


Каир шаарынын соту “ал-Жазира” телекомпаниясынын 3 журналистин 7 жылдан түрмөгө кести. Австралиялык Ретер Гресте, канадалык Мухаммад Фадел Фахми жана жергиликтүү продюсер Бахер Мохаммад жаңылыктарды бурмалоо жана тыюу салынган “Мусулман Агайындар” уюму менен кызматташуу үчүн айыптуу деп табылды.
Алардан тышкары бул иш боюнча дагы 17 киши күнөөлөнүп жатат.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Египеттеги сөз эркиндигинин абалына камтама билдирип, журналисттерди бошотууга үндөөдө.

Катарда жайгашкан “ал-Жазира” телеканалынын жетекчилиги айыптоолорду негизсиз жана адилетсиз деп сыпаттады. Бир жума мурун Египет бийлиги ушул эле каналдын дагы бир кабарчысын кое берген.

XS
SM
MD
LG