Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

ШКУ Кытайдын жаңы экономикалык Жибек жол ачуу сунушун кабыл алды


Шанхай кызматташтык уюму Кытайдын жаңы экономикалык Жибек жол ачуу боюнча сунушун кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн ШКУнун экономикалык маселелер боюнча жыйынында маалым болду. ШКУнун баш катчысы Дмитрий Мезенцевдин айтымында, ал жол аймактагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө долбоорлорун ишке ашырууга багытталмакчы.

Мезенцев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып жаңы экономикалык Жибек жолу менен жакында түзүлгөн Евразия экономикалык союзунун ортосунда атаандаштык болбой турганын кошумчалады. Аталган уюмга Беларус, Казакстан жана Орусия кирет. ШКУга алты өлкө - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG