Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстан ШКУ алкагында экономикалык алаканы өнүктүрүүгө кызыкдар


Кыргызстан үчүн ШКУ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү абдан маанилүү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “ШКУ аймагындагы экономикалык өнүгүүнүн учурдагы чакырыктары” форумунда тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүгүү банкы жана Өнүгүү фонддору аркылуу ири долбоорлорду ишке ашырууга болот деп эсептейт. Ошондой эле Аскар Бешимов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер ортосунда чек ара талашы болбошу керек, анын баары сүйлөшүү аркылуу чечилиши керек деп эсептерин кошумчалады.

Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Дмитрий Мезенцев Өнүгүү банкы жана Өнүгүү фонддорун түзүү боюнча учурда иш жүрүп жатканын билдирди. (ZB)

XS
SM
MD
LG