Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Евробиримдик министрлери Орусияга санкция тууралуу эскертти


Евробиримдиктин айрым министрлери Орусия Украина жетекчилиги сунуш кылган тынчтык планы менен кызматташып, өлкө чыгышындагы окуяларга кийлигишүүсүн токтотпосо, Москвага каршы кошумча санкциялар киргизилээрин эскертишти. Шаркеттин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургда жолугушууда. Бир нече күндөн кийин биримдик Киев менен ассоциациялык келишимге кол коет деп күтүлүүдө.

Буга чейин блок Орусиянын айрым аткаминерлерине виза берүүгө жана банк эсептерине чектөө киргизген. Бирок кеңири экономикалык санкцияларды колдонуу маселесинде мүчө-мамлекеттер мунасага келе алган эмес.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хэйг зарыл болсо биримдик Орусияга каршы жазалоочу чаралар маселесин 27-июндагы саммитте талкуулайт деп билдирди. Анын айтымында, Москва санкцияларга туш болоорунан “күмөн санабашы керек”. Швециянын башкы дипломаты Карл Билдт “болгон аракетин салып үгүт согушун жүргүзүүдө" деп Орусияны айыптады. Москва бул багытын өзгөртпөсө, санкцияларды киргизүү зарыл, - деп кошумчалады министр.

XS
SM
MD
LG