Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Кыргыз-орус фондунун уставдык капиталы эки жылда түзүлөт


Кыргыз-орус инвестициялык фондунун уставдык капиталын түзүүгө эки жыл кетет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, келечекте фонддун кредит берүү мүмкүнчүлүгү 1 миллиард долларга жеткирилет. Ал эми алгачкы капиталы 500 миллион доллар болот:

- Биринчи жылы 250, кийинки жылы дагы 250 миллион доллар болот. Бул реалдуу убакыт. Себеби бир күндө 500 миллионду алып келүү кыйын. Экинчиден, аны алып келгенден кийин ал акча иштей башташы керек.

Сариевдин айтымында, фондду түзүү процедурасы уланууда.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүнүн алгачкы жылдарындагы кыйынчылыктарга туруштук берүү үчүн аталган уюмдун мүчөлөрүнөн жардам сураган. Ошого байланыштуу орус өкмөтү инвестициялык фонд түзүүгө макул болгон. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG