Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Дмитрий Цойдун соту 25-июнда башталат


“Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун үстүнөн соттук териштирүү 25-июнда башталат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Дмитрий Цойду ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы 6-майда кармаган. Ал 2009-жылы Ысык-Көлдө бир кишини бутуна аткан деп шектелүүдө.

Милициянын маалыматы боюнча, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, ал трактордун айдоочусун сабап, тапанчасы менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган. Ошондой эле милиция Дмитрий Цой белгилүү спортчу Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бар-жоктугун да иликтеп жатат.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки ай мурда Цой 6-июлга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG