Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо коммиссиясынын төрагасы кызматынан кетти. Зиа-уль-Хак Амархайл кимдир бирөөнүн кысымы менен эмес, “улуттун кызыкчылыгында” кетип жатканын билдирди.
Ага чейин президенттикке талапкер Абдулла Абдулла шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы Ашраф Ганини пайдасына бурмалоолор болгон деп айыптаган. 22-июнда Абдулланын штабы Амархайл шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрү жана Ганинин өкүлдөрү менен кутуларды бюллетендер менен толтурууну талкуулап жатат делген аудио тасманы чыгарган.
Төрага The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысына андай сөз болгону эсинде жок экенин айтты.
Абдулла шайлоонун жыйынтыктарын тааныбасын айтып, добуштарды Улуттар уюмунун көз карандысыз комиссиясынын жетегинде саноого үндөп келген.
Амархайл кызматтан кеткенден кийин ал “бойкотту балким токтотоорун” билдирди.