Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Каримовдун небереси апасы үй камагында отурганын айтты


Президент Каримовдун жээн небереси Ислам Каримов.
Президент Каримовдун жээн небереси Ислам Каримов.
Өзбекстан президентинин небереси Ислам Каримов апасы жана бир тууганы Ташкенде "расмий эмес үй камагына" алынганын билдирди. Орусиянын Рен-ТВ каналына берген интервьюда ушу тапта Лондондо окуп аткан 21 жаштагы Ислам январдын этеги, февралдын башынан бери апасы Гүлнара, же карындашы менен байланыша албай жатканын, аларга Ташкенден чыгууга тоскоолдуктар түзүлгөнүн айтып берди. Ал мунун артында белгисиз “кубаттуу” адамдар турат деп ишенет.

Президент Каримовдун тун кызы Гүлнаранын аты Швеция жана Швейцарияда иликтениип жаткан чуулгандуу кылмыш иштерге байланыштырылып келатат. Өзбекстандын өзүндө ага таандык маалымат каражаттары жабылып, "Терра Груп" медиа холдинги паракорлукка шектелип текшерилүүдө

XS
SM
MD
LG