Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Керри Ирактын премьер-министри менен кездешти


Ирак -- АКШ Мамкатчысы Жон Керри Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики менен. Багдад, 23-июнь, 2014.
Ирак -- АКШ Мамкатчысы Жон Керри Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики менен. Багдад, 23-июнь, 2014.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Багдадда Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики менен жолугушту. Керри дээрлик 2 саатка созулган сүйлөшүүлөр “жакшы” өттү деген баасын берди.

Дээрлик эки жумадан бери “Ирак жана Левант Ислам мамлекети” деген кыймылдын согушкерлери батыш менен түндүктөгү улам бир шаарга чабуул коюп, бир нечесин өз көзөмөлүнө алышты.

Кечээ Каирдеги визити учурунда Мамкатчы АКШ бардык ирактыктардын өкүлдөрү кирген өкмөт куралат деп ишенээрин, аны Ирак эли гана тандаарын белгилеген. Апрел айындагы парламенттик шайлоодо шийилердин саясий партиялары жеңген жана азыркы өкмөт башчы Нури ал-Малики 3-жолу премьер-министр кызматын аркалашы мүмкүн. Сунни азчылыгы болсо аны кодулоолор жана куугунтуктоолор үчүн айыптоодо.

Ал тапта премьердин коопсуздук маселелер боюнча өкүлү, генерал Касем Атта бүгүн согушкерлердин чабуулунан ирактык “жүздөгөн” аскер набыт кеткенин билдирди.

XS
SM
MD
LG