Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:35

Ирак күрддөрү көз карандысыздыкты каалайт


Ирактагы күрд автономиялуу районунун лидери Массуд Барзани өз элинин көз карандысыздыкка умтулуусун колдоого алуу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу Барзани CNN каналына айтты. Ал соңку 10 жыл ичинде жаңы, демократиялуу Иракты курууга күрд эли колдон келген салымын кошконун, бирок андан майнап чыкпай жатканын белгиледи.

Барзанинин айтымында, күрд элинин өлкөнүн негизги бөлүгүнөн ажырап, көз карандысыздыкка жетишүү боюнча референдум өткөрүү планына Ирак бийлиги тоскоолдук кылып келет. Ал Курдистандын келечегин аныктоого убакыт келип жеткенин, калктын чечимин коргоого даяр экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG