Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Украинада жикчилер салгылашууну убактылуу токтотууга макул болду


Өлкө чыгышындагы жикчилердин лидерлери 27-июнга чейин салгылашууларды токтотууга макул болду. Өзүн “Донецк элдик республикасы” деп жарыялаган аймактын өкмөт башчысы” Александр Бородай бул тууралуу 23-июнда, кырдаалды жөнгө салуу боюнча Москванын, Киевдин, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн соң билдирди.

Сүйлөшүүгө “Луганск элдик республикасы” деп жарыяланган аймактын лидерлери менен “Түштүк-Чыгыш” кыймылынын башчысы Олег Царёв да катышты.

Жакында украин президенти Порошенко кырдаалды жөнгө салуу үчүн тынчтык планын жарыялаган. 23-июнда Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Орусияны Украинадагы тынчтык планын колдоого үндөштү. Министрлер Орусия андан баш тартса, Москвага каршы санкция киргизилээрин эскертишти. Мурдараак Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва үч тараптуу сүйлөшүүлөргө кызыкдарлыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG