Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:53

Сариев: Бажы биримдигине кирүүдөгү жеңилдиктер келишимде каралат


Кыргызстан үчүн Бажы биримдигине кошулуудагы жеңилдиктер “жол картасында” эмес, уюмга кирүү боюнча келишимде каралат. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев “Азаттык” менен маегинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан жеңилдик сурай турган товардык позицияларды тактап жатат. Алдын ала эсептөөлөргө караганда алардын саны 1,5 миңден ашат. Эң алгач өкмөт азык-түлүк, дары-дармек жана кездеме, жип-топчу алып кирүүгө өткөөл мезгил сурайт. Мындан сырткары техника, автоунаа, айыл чарба техникасын киргизүүдө жеӊилдик суроо мерчемделип жатканын Сариев кошумчалады.

29-майда Евразия экономикалык кеңешинин Астанадагы жыйынында Бажы биримдигин түзгөн өлкөлөр Кыргызстандын бул уюмга кошулуу боюнча "жол картасын" бекиткен. Ал өлкөнүн биримдикке кирүү эрежелерин аныктайт. Ошондой эле саммит жүрүшүндө Орусия Кыргызстанга 1 миллиард доллар узак мөөнөттүү насыя жана Бажы биримдигине кошулуу боюнча "жол картаны" ишке ашыруу үчүн 200 миллион грант берүүнү убада кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG