Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Базар-Коргондо балыкчылардын сынагы өттү


Райондогу Кайырма суу сактагычында түштүк облустардагы балыкчылардын сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон балык чарбасынын директору Ыкбалбек Палванов “Азаттыкка” билдирди. Иш-чарага ар бири 5 адамдан турган 20 команда катышып, суу сактагычтан балык улоо боюнча сынактан өттү. Жыйынтыгында Базар-Коргондун жана Жалал-Абаддын балыкчылары алдыңкы орунга жетишти.

Райондо балык чарбасы 2 жыл мурда уюштурулуп, суу сактагычта азыр балыктын сазан, карп, толстолоб түрлөрү багылууда. 10го жакын адам жумуш менен камсыз болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG